Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Азамат Жаманкулов Сауд Аравия парламентинин депутаттык делегациясын туризм тармагында кызматташууга чакырды

24.05.2022 19:16
2077
Азамат Жаманкулов Сауд Аравия парламентинин депутаттык делегациясын  туризм тармагында кызматташууга чакырды


24-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажилисинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз-Сауд парламенттик достук тобунун башчысы генерал-майор Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асиринин депутаттык тобунун иш сапарынын алкагында жолугушту. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууда тараптар маданият, спорт жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сауд Арабия тарап туристтердин агымын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасын Сауд Аравиянын жашоочулары менен тааныштыруу максатында Сауд Арабия Королдугунда иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.


Министр өз кезегинде маданият жана туризм тармагында кызматташууга даяр экенин белгилеп, мындай иш-чараны Сауд Арабия Королдугунда өткөрүү сунушу менен Кыргызстанда буга чейин өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча видеотасмаларды көрсөттү.


Саудиялык тарап убакыт жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн