Бүгүн, 17- июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбахты кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда тараптар эки өлкөнүн маданий кызматташтыгы жана Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн Түркиянын Измир, Стамбул жана Анкара шаарларында өткөрүү тууралуу макулдашылды.
Эске салсак, министрдин орун басары Ахмет Мисбах Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылышына келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн