Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 08:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Азамат Жаманкулов Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты

14.08.2022 14:40
1134
Азамат Жаманкулов Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган делегация Венгрияда өтүп жаткан улуу гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маданият күндөрүнө катышууга барган Кыргызстандын чыгармачылык тобу курултайдын алкагында концерттик программа тартуулашты.


Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице- спикери Шандор Лежак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү 

Андраш Жолт Биро катышты.


Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп,

ата баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады.


Ошондой эле ал, ата бабдан калган тарыхты, салт санааны, үрп адатты, тектеш уруулардын баалуулуктарын жайылтып келе жаткан улуу журттун көсөм окумуштуусу жана антрополог Андраш Бирого ыраазычылык билдирди.


Улуттук баалуулуктарга, өздүк өзгөчөлүктөргө, алардын сакталышына, жайылышына кам көрүп, түпкү маанисинин бурмаланышына жол бербей, бар турпатын барктап, сырткы таасирден коруп, өркүндөтүп-өстүрүү мезгил талабы, деп сөзүн жыйынтыктады министр. 

 


Курултайдын программасында “Атиланын боз үйүндө” көргөзмөнүн ачылышы; аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, «Аскерлердин парады», салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады коштолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн