Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди

15.07.2022 12:06
885
Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Москва эл аралык мамилелер боюнча мамлекеттик институту Мамлекеттик Дума жана КМШ өлкөлөрүнүн институту менен биргеликте постсоветтик мейкиндиктин жаш лидерлеринин рейтингин түздү.

Рейтингдин катышуучулары төмөнкүдөй параметрлер боюнча бааланды: ЖМКда жарыяланган макалалар, мамлекеттик сыйлыктар жана кызматтан көтөрүлүшү, кызматтык жетишкендиктери, эл аралык байланыштын деңгээли, саясий келечекке баа берүү.

Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн эң келечектүү жаш саясатчыларынын арасына эки кыргызстандык кирди. Алар маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана ЕЭК жаштар кеңешинин төрагасы, ЕЭК департаменттеринин биринин директору Данияр Турусбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн