Бүгүн, 7-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде министр Азамат Жаманкулов республиканын бардык облустарынан (Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Ош, Бишкек шаарлары) келген жаш лидерлер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда министр өзүнүн жашоосундагы кызыктуу жана мотивациялуу окуяларын айтып, сүйлөшүү эркин форматта өттү.
Министр өз сөзүндө максаттарды визуалдаштыруунун, жаштарды тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өз мекенин сүйүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн