Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Азамат Жаманкулов спорттун бардык түрлөрү боюнча федерация өкүлдөрү менен жолугушту

25.11.2021 09:41
1683
Азамат Жаманкулов спорттун бардык түрлөрү боюнча федерация өкүлдөрү менен жолугушту


 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын жетекчилери жана машыктыруучулар менен жолугушту. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө спорт тармагындагы чечилбей келген бир катар маселелер талкууланып, чечүү жолдору сүйлөшүлдү.

Министр өз кезегинде спорт тармагындагы структуралык акыркы өзгөртүүлөр тууралуу айтып, Мамлекеттик агенттиктин Департамент болуп жаткандыгына токтолду. Агенттиктин Департамент катары өзгөрүүсү ишке тоскоолдук алып келбей тургандыгын жана эч кандай кадрдык кыскартуулар болбой тургандыгын белгилеп, финансылык каржылоо өз алдынча сакталып, максаттуу пайдалануу өз көзөмөлүмдө болот деп белгиледи. Мындай өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тууралуу ченемдик укуктук актыларына шайкеш келтирүү максатында болгондугун кошумчалады. 


Ошондой эле, министр спорт тармагындагы маанилүү маселелерди талкуулоо жана аны өз убагында чечүү үчүн ар жуманын шаршемби күнү спорт коомчулугу менен жолугушуп туруу чечимин кабыл алгандыгын айтып, ар бир спорт федерациясынын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө Азамат Жаманкулов федерация өкүлдөрүнүн сунуш пикирлери менен таанышып, болуп жаткан көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга жана тиешелүү чараларды көрөөрүн белгиледи. 


Жолугушууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Агенттиктин бөлүм башчылары, Дирекциялардын директорлору жана машыктыруучулар катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн