Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Азаматбек Жоробеков Мамлекеттик банктын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

24.08.2023 11:56
425
Азаматбек Жоробеков Мамлекеттик банктын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды


Азаматбек Жоробеков Мамлекеттик банктын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимди Кыргызстандын Улуттук банкы кабыл алды.


Улуттук банк тарабынан уюмдун Башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК тарабынан сунушталган Азаматбек Жоробековдун талапкерлигин жактыруу чечими кабыл алынганы көрсөтүлгөн.


Буга чейин Улуттук банк "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК башкармалыгынын төрагалыгына Талантбек Өмүралиевдин талапкерлигин макулдашкан.


Эске салсак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик каржы-кредиттик мекеменин жаңы жетекчисин май айында дайындаган. Ал бир ай иштебеген Улан Сарбановдун ордун ээлеп, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчисинин креслосун Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кылып алмаштырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн