Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөт мезгили узартылды

27.12.2022 10:24
276
“Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөт мезгили узартылды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” сайтын жабуу боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 


Маалыматка ылайык, сайт жабылганына байланыштуу жарыяланган материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет. 


Ошондой эле билдирүүдө сайтка бөгөт коюу мөөнөтү эч кандай мыйзамдык нормаларда каралбаганын, ал материал сайттан өчүрүлгөндө гана иштөөгө уруксат берилери айтылат. 


Буга чейин “Азаттык Медиа” сайты жабуу чечимин убактылуу токтотуу өтүнүчү менен Маданият министрлигине кат жолдогон. Катта «мындай чечим мыйзамсыз жана негизсиз, Конституцияга каршы келет, сөз жана маалымат каражаттарынын эркиндигин кепилдеген конституциялык нормаларды бузат» деп айтылат. Бирок Маданият министрлиги чечимди өзгөртүүдөн баш тарткан. Кыргызстандын 100дөн ашуун ишмерлери КР Президенти Садыр Жапаровго, 


Эске салсак, 26-октябрда Маданият министрлиги “Так эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде “Азаттык” жана “Current Time” сайттары эки айга жабылганын билдирген. Мындай чара өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген такталбаган материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалымат) жооп кайтарууга байланыштуу экени маалымдалган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн