Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Азербайжан атайын операция жүргүзөт. Тоолуу Карабакта абал кайрадан курчуду

04.08.2022 08:34
367
Азербайжан атайын операция жүргүзөт. Тоолуу Карабакта абал кайрадан курчуду

3-августта Тоолуу Карабакта Азербайжан менен Армениянын ортосунда абал кайрадан курчуп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Маалыматка караганда, Азербайжан  Армения Тоолуу Карабак боюнча келишимди бузуп, Лачин аймагындагы айрым согуштук позицияларды ээлеп алганын билдирген. Мындан улам Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения келишимди бузгандыгы үчүн атайын операция жүргүзөрүн жарыялаган.


3-августта Азербайжан Армения аскерлери ээлеп алган позицияларды кайтарып алган. Операция учурунда Армениянын 2 аскери каза болгону жана бир нече гаубицасы жок кылынганы айтылат.


Ал эми Армения Азербайжанды эл аралык келишимди бузууга айыптап, эл аралык уюмдардан Азербайжанга карата чара көрүүнү суранууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн