Армения менен Азербайжан кайрадан бири-бирин аскердик чагымчылык үчүн айыптады.
Армениянын Коргоо министрлиги 11-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамасында Азербайжандын Лачин шаарынан алыс эмес Армениянын аймагындагы Тех кыштагында армян аскерлери куралдуу кол салууга кабылганын билдирди.
Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги Лачин айылынын жанындагы азербайжан аскерлерине карата Армения тараптан ок атылганын билдирди.
Атышуунын кесепетинен Азербайжан 4, Армения 3 аскеринен ажыраганы айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн