Бугу 21, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Азербайжан президенти Ереван чагымчыл аракет кылса, катуу өкүнөрүн белгиледи

08.01.2021 09:11
580
Азербайжан президенти Ереван чагымчыл аракет кылса, катуу өкүнөрүн белгиледи

 Армениянын расмий адамдарынын Карабакка сапары улана берсе, Ереванга катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылдын жыйынтыгына арналган жыйында билдирди.


«Армениянын тышкы иштер министри Ханкенди шаарына барыптыр. Ал жерде эмне кылып жүрөт? Ереван Азербайжандын согушун жана темир муштумун унутпашы керек. Бул иш сапар болбош керек. Эгерде дагы ушундай чагымчыл кадамдар жасала турган болсо, анда Ереван катуу өкүнөрүн эскертип койоюн», - деп эскертти Азербайжан лидери.


 Анын айтымында, жакында Армения менен Азербайжанга иш сапар менен барган Россиянын өкмөтүнүн делегациясы ушул темада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. «Эгер мамилелерди нормалдаштырууга багытталсак, анда эмне үчүн мындай чагымчыл иш сапарлар керек? Армения эмнеге жетишүүгө аракет кылып жатат? Бакунун ачуусун келтирбегиле. Бул аларга ансыз деле кымбатка турду. Демек, мындай “иш сапарлар” аягына чыгышы керек. Алар өз өлкөлөрүндө калсын ”, - деди Алиев.


Азербайжандын Президенти бир дагы чет элдик жаран Бакунун уруксатысыз республиканын аймагына кире албайт деп баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн