Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 22:52
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

26.12.2024 08:35
34
Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды


Кечээ, 25-декабрда Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.

"Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжан Республикасынын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим", — деп айтылат президенттин буйругунда.

Белгилей кетсек, 25-ноябрда J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын 16 жараны бар экендиги айтылып, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 28 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн