Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын Габала шаарында ттүркиялык кесиптеши Хакан Фидан менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, анда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн, анын ичинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын 17-18-сентябрда Кыргызстанга болгон расмий сапарын жана анын Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына катышуусун канааттануу менен белгилешти.
Ошону менен бирге алар эки тараптуу мамилелердин жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалы жана мындан ары тереңдетүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн