Азербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, Муталибов узакка созулган оорудан 84 жаш курагында каза болду.
Ал 1990-жылы Азербайжан ССРнын президенти болуп шайланган. Андан өлкө эгемендик алган.
1992-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабак үчүн талаш күчөгөндөн кийин отставкага кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн