Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:13
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Азербайжандыктар жаңы жылды куттуктоодон баш тартышууда

03.01.2021 11:24
714
Азербайжандыктар жаңы жылды куттуктоодон баш тартышууда

Азербайжандын калкынын жарымы Жаңы жылды тосуудан баш тартышты. Бул тууралуу Азербайжан басылмалары жазып чыкты.


Маалымат каражаттары билдиргендей, мындай көрүнүш акыркы айларда өлкөдө болуп өткөн окуяларга байланыштуу. Тоолуу Карабак согушундагы көптөгөн адамдардын өлүмү жөнүндө маалыматтарды эске алганда, жарандар бир добуштан массалык майрамдан баш тартууну чечишкен. Бул чечим райондордун аткаруу бийлиги тарабынан колдоого алынды. Ошентип, Сумгайыт шаарында шаар бийлиги бир күн мурун орнотулган жаңы жылдык балатыны алып салган.


Ал эми Баку шаарында борбор калаанын мэриясы шаарды такыр эле жасалголоодон баш тартты. Бийлик Приморский бульварындагы салтка айланган Жаңы Жыл түнү фейерверктерди аттыруудан баш тартууну чечти.


 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Азамат азерлер!Бизде мисс конкурс откорушот жаны жылга.Пенсиясын орус толоп атат,конкурска балее барбы?Болгондо да Жапарова сулуу болуптур олконун.Кошоматчылык да еби менен да.