Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ажылык – 2024: Зыяратчылардын алгачкы тобу Оштон учуп кетишти

31.05.2024 09:57
229
Ажылык – 2024: Зыяратчылардын алгачкы тобу Оштон учуп кетишти


Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев жана анын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков башында турган дин ишмерлери катышты.

"Ушул күн, ушул сааттар сиздер жана биздер үчүн абдан маанилүү учур. Анткени сиздер Алла Тааламдын чакырыгына моюн сунуп, улуу ибадатка бой таштап, "Лаббайка аллахумма лаббайк" деп ак жолго аттануу алдында турасыздар. Миллиондогон элдин ичинен тандалып бара жатканыңыздар эмне деген керемет! Ай барып, аман келиңиздер. Ыйык жайларда элибиз-жерибиз үчүн, өлкөбүз үчүн сөзсүз дуба кылыңыздар", – деди Азирети Муфтий.

Ал эми зыяратчыларды узатуу үчүн атайын келген калаа башчысы ажылыкка аттангандарга ак жол кааласа, САПтын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн