Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ажылык-2022: Быйыл ажылык сапары 4500 доллардын тегерегинде болушу мүмкүн

21.04.2022 16:28
764
Ажылык-2022: Быйыл ажылык сапары 4500 доллардын тегерегинде болушу мүмкүн

Быйыл, 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн жан башына болжол менен 4500 доллардан берилет. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев "АКИпресс" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, бул сумма өзгөрүшү мүмкүн, себеби былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 1000 долларга кымбат болууда.


«Эки жылдан бери ажылык сапар болгон жок. Быйыл баалар кымбат болот, анткени баары кымбаттап, бензин 60-70 сомго чейин көтөрүлдү», — деди Кадырбердиев.


Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн