Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ажылык - 2022: Муфтият ажылык сапарынын баасынын өсүшү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

25.04.2022 09:08
518
Ажылык - 2022: Муфтият ажылык сапарынын баасынын өсүшү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө



Бүгүн, 24-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Ош шаарынын борбордук «Сулайман-тоо» мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынын мусулмандарынын казылары, райондук баш имам-хатибдери жана ажылыкка каттоо иштерин жүргүзгөн жергиликтүү операторлор менен жолугушуп, ажылык сапарын уюштуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.



Жыйын алкагында 2022-жылдагы ажылык сапарынын талаптары жана баасы боюнча маалымат берилип, суроо-жооп менен коштолду.


Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев ажылык сапарын жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин облус казыларына жана райондун баш имам-хатибдерине айтып, ажылыкка баруу үчүн электрондук тизмеге катталган талапкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн