Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ажылык-2023: Бүгүн каттоо башталат

24.01.2023 10:43
475
Ажылык-2023: Бүгүн каттоо башталат

2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо бүгүн, 24-январда башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.


Анын айтымында, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.


"Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын "РСК Банкынын" иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек", - дейт ал.


Кадырбердиев билдиргендей, жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.


"Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер күтталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат. Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт", - деди ал.


Муфтийдин орун басары 2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай калгандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөбөй турганын белгилеп өттү.


Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.


Эскерте кетсек, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Хусниддин Назаров
Ассалому алейкум озбекистан жараны Кыргызстан аркалуу кетсе болобу? Жооп жазыныз