Кыргызстан мусулмандарынын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөй баштайт. Бул тууралуу муфтият кабарлады.
Бишкек-Медина багыты боюнча ар бир топто 672 адам болот, аларды 15 ажы башчы коштоп барат.
Ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча жөнөп кетишет.
Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.
Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң орун бөлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн