Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ажылык 2024. Ажыга баруучуларды каттоо 9-ноябрда башталат

25.10.2023 15:05
1522
Ажылык 2024. Ажыга баруучуларды каттоо 9-ноябрда башталат


Ажылык сапарга баруучуларды каттоо 9-ноябрда башталып, 20-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу КР муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, каалоочулар РСК Банкка 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү төлөп, андан кийин облустук, райондук, шаардык казыяттарга, хатибияттарга квитанцияларды бериши керек.


«Өткөн жылдан бери 111 адам электрондук кезекте калып, алар 1 миң доллар салган, калган сумманы төлөшү керек. Алдыдагы ажылык сапар үчүн да Кыргызстанга 6,5 миңге жакын квота бөлүнөт», - деди Самидин кары Атабаев.


Ажылык-Умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев кошумчалагандай, кезекке туруу үчүн ажылык сапарга баарууну каалагандар дүмүрчөктүн түп нускасын, ID жана эл аралык паспортторду бериши керек.


Анын айтымында, ажылыкка 18 жаштан жогорку жарандар гана бара алат.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Нарбаева рахима
Ажы сапарына откон жарандарды кайсы сайт аркылуу корсо болот
Ганиева рано
Ажыга катталуу текшерсе же клрсо болобу
Саиева Сапия
Ажылыкка дагы орун болобу
Осмонали Балтабаев
Ассалам Алейкум. 20-ноябрда каттоо токтойбу? Дагы месталар барбы?
Мелис Ысаков
Чан ажыгы катталса болобу ?