Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Азык-түлүк, кийим-кече үчүн берилген айлыкты эл телефондо ушакташууга кетирүүдө

21.10.2021 16:24
595
Азык-түлүк, кийим-кече үчүн берилген айлыкты эл телефондо ушакташууга кетирүүдө

Азык-түлүк, кийим-кече үчүн берилген айлыкты эл телефондо ушакташууга кетирүүдө. Бул тууралуу пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде айтты.


Ал жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына кайрылып, инвентаризациялоо иштери башталганына үч жылдан ашканына карабай бүтпөй жатканына нааразы болду.


"Бир мисал келтирейин, Кыргызстанда 10дон ашуун уюлдук компания иштейт. Тамаша иретинде айтканда, жылына 20 миллиард сомду сүйлөшүүгө, ушакташууга коротуп жатабыз. Телефондун айынан пейлибиз бузулуп баратат, элден ырк да кетти. Телефон иш үчүн эмес, шыбаш үчүн эле керек болуп калдыбы деген ой келет. Бул да чындык болуп бараткандай. Биз эл пособиени азык-түлүк, кийим-кече алууга колдонуп жаткан-жатпаганын билишибиз керек. Эгер телефонго коротуп атса аны көтөрүүнүн кажети барбы же жокпу, карап көрүш керек", — дейт Жапаров.


Ошондой эле, ал жылына пособие үчүн бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнөрүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн