Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо министрлер кабинетин ойлондурабы?

16.06.2021 11:02
1328
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо министрлер кабинетин ойлондурабы?


… Сабиздин баасы базарда 100 сомду чапчыды. Эзели сабиздин мынчалык баалуу болуп кетерин күтпөгөн көпчүлүктү бул көрүнүш бирде капа кылып, экинчи жагынан юмор тартуулап отурат. «Аштын арасынан мурда эт издесек, эми сабиз издеп калабызбы?» дегендер жок эмес. Айтор, эми бир топ убакытка чейин сабизди тарта жеп кала турган болдук. Сабизден салат жасап жегенди сүйгөндөргө эле кыйын болду.


Сабиздин баасы кымбатчылык туш-тараптан курчап келатканынын ачык мисалы болуп берди. Бензиндин баасы 2-3 күндө бир жолу улам 50 тыйындан кымбаттай берерине көнүп деле калдык окшойт. Ошентип отуруп, оо жыл башында 33-34 сомдон сатылып келген АИ-92 маркасы азыр 50 сом 90 тыйынга чыкты. Дээрлик 80% кымбаттады десек болот.


Сабиздин баасы 100 сомго чыгып кеткенинен улам картошканын баасы 60 сом болуп алганы көп деле билинбей калды. Болбосо, мындан бир айча мурун эле 46-47 сомдон сатылып жаткан. Ал эми өткөн жылдын февраль айларында 21-22 сомдон эле.


Семичке майын бир жыл мурун бир литрин ашып кетсе 95-97 сомдон сатып алат элек. Азыр ал эки эсеге көтөрүлүп алган – 180 сом. 7-8 сомдук жумурткалар 10-12 сом болгон.


Өткөн жылы эле 330 сомдон сатылып келген уй эти азыр 460 сом, кой эти мурда 300 сомдон болсо, азыр 490 сом, жылкы эти да 300 сомдон 400 сомго көтөрүлүп алды.


… Кымбаттабаган эч нерсе калган жок. Болгону 2-3 күн иш ташташканына карабай, маршруттук таксилердин жол киреси гана көтөрүлгөн жок. Башка бардык нерселер кымбаттады. Азык-түлүктүн арасынан таптакыр кымбаттабады дегенин табуу кыйын. Ушул күндөгү кымбатчылыктан улам айрым үй-бүлөлөр этти мурдагыга салыштырмалуу 50%ка аз жеп, жашылча, мөмө-жемиштерден деле ашказанды алысыраак кармоого аргасыз. Нан менен карандай чайды эле кененирээк жеп-ичип турушат.


Бирок, кымбатчылык кыязы дагы деле маарасына жетелек окшойт. Айлык акы, пенсия, жөлөк пул дегендерди стартка эле таштап коюп чуркап кетип баратат. Чуркап эле баратат. Токто деген эч ким жок, токтотоюн деген деле жан көрүнбөйт. Тескерисинче, Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги «Азык-түлүктөргө болгон баа 70%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн» деп билдирип отурат.


Демек, азыр анда кыйла эле арзанчылыкта жашап жаткандай экенбиз да. Эгер азык-түлүк дагы 70% кымбаттай турган болсо, суу майдын азыркы 180 сом деген баасын сагына турган болуп калабыз го. Анда сабиздин баасы 170 сом болуп калабы? Эттин баасы 700 сомду чапчыйбы?

Эмнеге министрлер кабинети азык-түлүк баасын жөнгө салуу жаатында жеткиликтүү иштебей жатат? Анын үстүнө быйыл сугат сууларынын тартыштыгынан улам көптөгөн айдоо жерлер айдалбай калганы да айтылууда. Анда күзүндө жагдай кандай болот? Баалар 70% көтөрүлүшү менен эле токтобой койсо эмне кылабыз?


Орточо 10 миң сом алган мугалим, маданият кызматкерлери, медицина кызматкерлери эт да, сабиз да жебей калабы? Эмнеге муну министрлер кабинети ойлонбойт? Балким, ойлонуп эле жатабыз дешет чыгар. Бирок, ойлонуп эле коюу аздык кылат, аларды ойлонуу үчүн эмес, маселени чечүү үчүн эл мамлекеттин эсебинен багып, камсыздап жатпайбы.


Сосновкадагы постко күтүүсүз бара калып текшерип, дагы башка жагына күтүүсүз бара калып кагып-силкип, кызматтан бошотуулар менен азык-түлүк баасы ордунда туруп калбайт. Андан көрө, кымбатчылыктын алдын-алуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында министрлер кабинетинин реалдуу планы керек. Кана ошондой план? Кайсы министрликке кандай тапшырмалар берилди? Ал тапшырмалардын аткарылышы кандай болуп жатат? Же министрлер кабинети өздөрүнүн курсагы ачпаса эле болду деп отура береби?


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн