Азык-түлүк товарларына болгон баа былтыркыга салыштырмалуу 6,2 пайызга өскөн. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.
Маалым болгондой, азык -түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 7,6%га, алкоголдук жана тамеки товарларга - 9,3%га, азык -түлүк эмес товарларга - 5,3%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер - 2,3%га жогорулады.
Эң көп кымбаттаган азык-түлүк гречкага болгон 32,4%га, лимон 30,7%га, өсүмдүк майы - 20,8%га, кой эти - 20,7%га жана кумшекер - 19,5%га кымбаттады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн