Азык-түлүккө болгон баа 70 %га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Министрлик 8-июлдан тарта айыл чарба продукцияларын сыртка ташууга тыюу салуу проектисин узартууну коомдук талкууга койгон. Мунун себебин өлкөдөгү болуп жаткан кургакчылыкка байланыштырган.
Документке ылайык, экспортко тыюу төмөнкү товарларга тиешелүү: буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, жем, буудай уну, өсүмдүк майы, кум шекер жана тооктун жумурткасы.
Буга чейин 8-январдан тарта 6 айга кээ бир айыл чарба продукцияларына ЕАЭБден сыртка ташууга тыюу салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн