Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасына чек коюлду

20.03.2020 13:47
879
Азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасына чек коюлду


КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чекти белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Талдоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча нан, макарон, өсүмдүк майы жана пахта майы, шекер, жумуртка менен эттин дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленди.


Аталган агенттиктин маалыматы боюнча, бааларды жөнгө салууда ишкерлердин бардык чыгымдары эсепке алынган. Бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик кызматтардын адистери бааларга көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп жатышат. 


Чектөөлөрдү бузгандар Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн