Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:35
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча Кыргызстан ЕАЭБде биринчи орунда

15.07.2021 18:19
1975
Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча Кыргызстан ЕАЭБде биринчи орунда


ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү боюнча Кыргызстан сап башына чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.


ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө май айына салыштырмалуу июнда керектөөчү товарлардын баасы жана тарифтер (Армениядан башка) өскөнү байкалган. Ал эми өткөн жылдын декабрына караганда Кыргызстан экономикасынын керектөөчү товарлар секторунда инфляциянын жогорку деңгээли (7,3 пайыз) байкалган. Ошону менен катар өлкөдө азык-түлүк товарларынын баасы өскөн.


Декабрдан бери азык-түлүктун баасы ЕАЭБ өлкөлөрүндө төмөнкүчө кымбаттады:


  • Кыргызстан — 10,5 пайыз;
  • Казакстан — 6,6;
  • Беларусь — 6;
  • Армения — 5,6;
  • Россия — 5,5.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн