Баш оона 23, 2025
Убакыт: 09:05
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Азык-түлүктүн кымбатташы жана аны чечүү тууралуу Улукбек Мариповдун пикири

02.09.2021 10:56
756
Азык-түлүктүн кымбатташы жана аны чечүү тууралуу Улукбек Мариповдун пикири

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Пирамида" каналына берген маегинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча пикирин билдирди.


Анын айтымында, азык-түлүктүн кымбатташына эң биринчи күйүүчү майдын кымбатташы себеп болгон.


"Кыргызстан өзү мунайды өндүрбөйт. Ошондуктан күйүүчү май өскөн сайын башка азык-түлүк дагы кымбаттабайт. Аны ташып келүү, жеткирүү, өндүрүү баары ушуга такалат. Мындан сырткары, пандемияга байланыштуу чек аралардын жабык болушу.


Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Айыл чарба министрлигине тапшырма бердик. Алар азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөп элге эң керектүү азыктарды ташыгандарды кошумча нарк салыгынан бошотот",- деди Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн