Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча 25-августта Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Бул тууралуу Бекназаров "Азаттык" радиосуна билдирди.
Ал Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине байланыштуу күбө катары суралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн