Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Азимбек Бекназаров: Биз Акаевди 2005-жылдан бери алып келе албай жүргөнбүз

03.08.2021 20:19
12858
Азимбек Бекназаров: Биз Акаевди 2005-жылдан бери алып келе албай жүргөнбүз


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Аскар Акаевдин келиши тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Азимбек Бекназаров: Жеке мен үчүн анын келиши күтүлүп жүргөн нерсе болду. Акаевди биз 2005-жылдан бери канча жолу алып келе албай жүргөнбүз. Мен аны 2005-жылдан бери эле алып келүүгө аракет кылып жүргөн кишимин. Ошол 15 жылдан бери Кыргызстанга, кыргыз элине кылган кыянаттыгы үчүн сурак кылалы деп аракет кылганбыз. Бирок колубуздан келген жок. Болгону, 2010-жылы анын кол тийбестигин алдык. Мен билгенден Акаевге 2005-жылдан тартып козголгон алты-жети кылмыш ишинин баары токтотулуп, апрель окуяларына Башкы прокуратуранын имараты күйгөндө баары күйүп кеткен. Ошондон бери кайра жанданбай токтоп турган.

Азыркы бийлик Кумтөргө, коррупцияга байланыштуу иштерди баштап, анын незинде Акаевдин келиши азыркы бийликтин аракетине жараша болду деп айтсак болот. Жакында эле эң жогорку деңгээлде Акаевге иш козголгону, издөө жарыяланганы дүйнө жүзүнө чейин айтылбады беле.

Экинчиден, Кумтөр маселеси эл аралык сотто каралганы турат. Сөзсүз Акаевди суракка алып, аны жоопко тартып, анын коррупциялык аракеттерине баа берсек, бул биздин эл аралык сотто утуп алышыбызга пайдасы тие турган факты. Мен муну күтүп жүргөн окуя катары кабыл алдым.

Үчүнчүдөн, Акаев өзү деле тазаланып алганы үчүн бул жакшы нерсе. Ал "качкын президент, коррупционер президент, кыргыз коррупциясынын атасы, энеси" катары аталып жүрөт да. Эми ошол канчалык деңгээлде чын экенин ал өзү тирүү кезинде тастыктап, тактап алганы жакшы эле нерсе деп ойлойм.

"Азаттык": Кумтөргө байланыштуу Аскар Акаев эң негизинен эмнелерди айтышы керек?

Азимбек Бекназаров: Мен ток этер жерин эле айтайын. Эмне үчүн Бирштейнди алып келген? Эмне үчүн кен-байлыктарды, анын ичинде Кумтөрдү өзүнүн буйругу менен Бирштейнге "тагдырын сен чеч" деп берип койгон? 1991,1992 жана 1993-жылдары ал премьер-министрди дагы башкарып калган. Бакиевдин убагында өкмөттүн ишин ЦАРИ кылбады беле, ал эми Бирштейн башкарган комитет Акаевдин убагында кенге байланыштуу өкмөттүн ишин аткарып калган.

Ал биринчи кезекте эмне үчүн кен-байлыкты чет элдиктерге берип койгону тууралуу жооп бериши керек. Экинчиси, Кумтөрдү кыргыз мыйзамдарынын баарын бузуп, эч кандай жоопкерчилиги жок Бирштейн айткан "Камекого" берди. Ошолор айткандай кылып, Торонтого барып кол коюп берди. Үчүнчүсү, беш жылдан кийин, башкача айтканда, Кумтөр иштегенден кийин "Камеко" аны Кыргызстанга өткөрүп бериши керек болчу. Акаев аны Кыргызстанга кайтарып алгандын ордуна Танаев өкмөт башчы кезинде кайра реструкцизация кылып алып, эмне үчүн "Центеррага" берип салган? Ошондо Кыргызстандын 67% үлүшү эмне үчүн "Центерранын" болгону 15% акциясына алмашып жиберген? Ушул суроолорго Акаев конкреттүү, так жооп бериши керек.

Кумтөрдө комбинатты куруп жатканда 174 милион доллар ашыкча чыгым кылышкан, бул Жогорку Кеңештин деңгээлинде тастыкталган. Ушуга дагы жооп бериши керек. Кумтөргө байланыштуу эле бир нече эпизод менен кылмыш иштери, фактылар бар. Ошолорго жооп бериши керек. Андан сырткары Бирштейндин жеке учагы менен Сүлүктү шаарынан эки тонна алтынды Швейцарияга чыгарып кеткен фактыга байланыштуу кылмыш иши бар.

"Азаттык": Аскар Акаевдин Аксы окуясындагы саясий жоопкерчилиги тууралуу азыр эмне айта аласыз?

Азимбек Бекназаров: Ал саясий жоопкерчилиги үчүн жооп берди. Анткени, мыйзам алдында ал Аксы окуясынын башкы күнөөкөрү болду деп 2007-жылы Мукар Чолпонбаев башында турган элдик сот чечим чыгарган. Анын жан-жөөкөрлөрүнүн баары Аксы окуясы боюнча жазаларын алды. Акаев түздөн-түз ал окуяга, элди атууга же мени камоого түздөн түз тиешеси болбогонуна байланыштуу саясий-моралдык күнөөсүн өзү деле моюнуна алды.

"Азаттык": Азыр эми "Бакиев дагы келиши мүмкүн, ошого жол чабылып жатат" дегендей пикирлер да айтылып жатат. Ал дагы келиши керекпи?


Азимбек Бекназаров: УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиев расмий түрдө бүткүл дүйнөгө жарыялап айтты. Ал Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге баарына бир нече эпизоддор менен кылмыш иши козголгонун, издөө жарыяланганын билдирди. Айтылгандан кийин ал мамлекеттин милдети болуп калды да. Мына, алгачкылардан болуп Акаев алынып келди, эми Бакиевди да алып келишет.

Бирок, ушул жерде ар кандай саясатка бурмалап жаткан сайттарды окуп жатам. Мисалы, Талгарбеков Акаев тим эле өзү келгендей, аны өзү алып келгендей, агасына, баласына куран окутканы келгендей, алтургай кайра кете турган күнүнө чейин айтып жиберди. Бул туура эмес. Акаевди, Бакиевди алып келүү боюнча айтылып, тапшырмалар берилди. Качып кеткен президенттерди алып келүү кыйын. Акаевди Путин, Бакиевди Лукашенко бербейт. Ошондуктан бийлик ар кандай жолдор менен, элдик жол же болбосо президенттин каналы аркылуу, ар кандай ыкмалар менен буларды алып келип жатат. Бул жерде биз биринчи кезекте расмий бийлик алып келип жатканын, кылмыш иштеринин алкагында алып келип жатканын ойлошубуз керек.

Айрым бир саясатчылар "буларды алып келет, легалдаштырат" деп айтып жатышат. Бүгүнкү бийлик аларды кантип легалдаштырат? Анткени, азыркы бийлик мурдагы бардык президенттер кыла албаган иштерди ишке ашырабыз, алар жасап кеткен кылмыштардын бетин ачабыз деп кыйкырып алышты. Алар ошонун үстүнөн иштеп жатат. Коррупцияга каршы президенттерге чейин иш козгоп, болуп көрбөгөндөй иштерди баштап алышты. Булар эми Матраимовго окшогон мыйзамсыз байыган адамдар эмес да. Алар мамлекетти ушул туңгуюкка алып келген, кен байлыктарды чет элдиктерге сатып жиберген адамдар. Алып келип, легалдаштырат деген божомолдор, "кустурмайлык" кылып кое берет деген оюн бул жерде болбошу керек деген үмүтүм бар.

"Азаттык": Эгерде коомдогу "жазасын алат, жоопкерчиликке тартылат" деген үмүт акталбай калса, бул өлкөдөгү саясий туруксуздукка алып келбейби? Азыркы бийликтин кемчилигине айланбайбы?

Азимбек Бекназаров: Эгер андай болсо бул бийликтин иши "нөл" болот. Өздөрүнүн ишин өздөрү нөлгө чыгарат. Сооронбайга окшоп өздөрү эле "колубуздан эч нерсе келбейт экен" деп кетип калганга жол ачылат. Андан башка жол калбайт. Эгер эч нерсе кыла албаса, эмне үчүн бүгүн коррупция менен күрөшүп, Кумтөрдү алабыз деп атат? Акаевди толук сурап, ага мыйзам чегинде айыбын угузуп, бөгөт чарасын тандап, жоопко тартуу керек. Талгарбеков айткандай аны сурап туруп эле кайра кое бере турган болсо, анда бул аягы чоң нерсеге алып келген окуяга айланат. Азыркы бийликке үмүт эткен адамдардын 90 пайызынын үмүтү үзүлөт. Ошонун ичинде меники дагы үзүлөт.

"Азаттык": Азыр эми Аскар Акаевди билбей калган дагы муун бар. Кыргыз коомчулугу Акаевдин эмнесин унутпашы керек?

Азимбек Бекназаров: Мен эгемендиктин 30 жылдыгына карата буларды ар бир кыргыз билиши керек деген темада көлөмдүү макала жазып атам. Анда дагы ушул суроолорго кенен токтолом. Буюрса аны жакында окуйсуңар.

Акаевди тарыхта кара тамга менен калтыра турган фактылары анын жакшы жагынан кала турган фактыларына караганда абдан көп. Акаевде кыргыздын Ататүркү, Малайзиянын Махатхири боло тургандай мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок кыскача айтканда, ошону пендечилик кылып, майда нерсе, ачкөздүк, тойбостук нерселер менен мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып алды. Аялына баш ийип, майда-чүйдө оокат-ашка тойбогондуктан, бийликке тойбогондуктан Кыргызстанды дагы кыйнады, өзүнүн үй-бүлөсүн дагы кыйнады, өзү дагы кыйналды. Ошондуктан Акаев өзүнө-өзү көр казган, өзүн кара тамга менен тарыхка түрткөн адам. Аны эч ким ал жакка түрткөн жок.

"Азаттык": Сиз акыркы жолу Аскар Акаев менен качан жолуктуңуз эле? Эмне тууралуу сүйлөшкөңүз эсиңизде барбы?

Азимбек Бекназаров: Мен 2005-жылы 24-мартта Равшан Жээнбеков аркылуу Акаевге резиденциясында жолугууга аракет кылдым. "Качпа, Кыргызстанды таштаба" деп айтайын дегем. Мен кире алган жокмун, бизди жолотушкан жок. Мен Равшан Жээнбековду "сен үй-бүлөгө жакынсың" деп киргизгем. Равшан мага кийин Акаевге жолукпаганын, кызы Берметке жолукканын айтты.

Мен болгону аянтта турган элге келип, "мен күзүндө шайлоого барбайм" деп айтып койсун, шайлоо өткөрө албаган үчүн өкмөттү таркатсын деп, ушул эки эле нерсени айтсын дегем. Анткени, Акаевдин мөөнөтүн дагы узартып алууга байланыштуу Осмонакун баш болуп кол топтоп жаткан да. Мына ошону айтып коюу өтүнүчү менен жолугууга аракет кылгам, бирок жолуга албадым. Ага чейин Акаев менен парламентте, жыйындарда мындай эле жолукпасак, Аксы окуясынан кийин ал киши менен көзмө-көз жолуккан жокпуз.

Булак: Азаттык үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн