Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Азимбек Бекназаров элчиликтен алынышын Кумтөр боюнча билдирүүсүнө байланыштырды

08.09.2022 12:06
379
Азимбек Бекназаров элчиликтен алынышын Кумтөр боюнча билдирүүсүнө байланыштырды

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, анда кызматтан алыныш себебин айтты.


Бекназаров өзүнүн кызматтан алынышына Кумтөр тууралуу айткандарына байланыштырды.


"Ооба, "Центерра" менен болгон келишим жокко чыкканда мен да кубанганмын. Кумтөр деп Насирдин Исанов жок болду. Президент Садыр Жапаров өзү дагы анын айынан канча азап чекти. 

Бирок кийин эмне болду? Кыргызстандын зыянына келишим түзгөн Акаев кечирилди, Кумтөрдө жашыруун иштер болуп алтын тууралуу так маалыматтар берилген жок.


Менин дагы кызматтан кетишиме Кумтөр тууралуу берген маегим себеп болду",- деди экс-элчи.


Азимбек Бекназаров ошондой эле Малайзияда элчи катары татыктуу иштеп келгенин билдирип, Малайзиялык инвесторлор менен Сары-Жаз кенинин иштетүүнү пландаганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн