Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров өзүнүн кызматтан алынышына нааразы. Бул тууралуу экс-элчи жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
Бекназаровдун айтымында, ал Министрлер кабинетине доо менен кайрылат.
"Коюлган тапшырмаларды аткара албады деген чечим менен макул эмесмин. Мен азыр президентке да кайрылдым. Азырынча жооп бере элек. Мындай чечим чындыкка дал келбейт",- деди Бекназаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн