Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Азимбек Бекназаров: "17-март жүрөгүмдө түбөлүк дарт болуп кыйнап келет"

17.03.2020 14:36
842
Азимбек Бекназаров: "17-март жүрөгүмдө түбөлүк дарт болуп кыйнап келет"


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, кайрылуу жолдоду.


Ал 17-март эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган күн болуп каларын, мындай окуя кайталанбашы керектигин белгиледи.


Кайрылууну өзгөртүүсуз беребиз: 


"Урматтуу мекендештер!

17-март эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган кара күн.
18 жыл ичинде 17-мартта Аксы окуясы ар кандай шарттарда, максаттарда оппозиция, бийлик, укук коргоочулар, Аксылыктар тарабынан ар кандай денгээлдерде эскерилип келет. Мындан 4-5 жыл мурун ошол кездеги президент А.Атамбаев 17-мартта бир ачуу чындыкты моюнга алып: "Эгерде Аксы окуясы болбогондо, Аксылыктар болбосо 2005-жылы март, 2010-ж.апрель ынкылаптары болбойт эле... баары Аксыдан башталган...» - деп абдан таасын белгилеген.
Ооба, туугандарым үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштү, Аксыдан сиздер баштагансынар. Оболу сиздер Кыргыздын жеринин бүтүндүгү бузулуп, бул маселени Жогорку Кенеште көтөрүп мыйзамсыз камакта жаткан өз депутатыңарды болгону үй камагына чыгарып коюуну бийликтен суранып, чогулуш, митинг өткөрүп, кол топтоп, ачкачылыкта турдунар. Силерди жана өз коллегасын колдоп, Жогорку Кенештеги аттын кашкасындай белгилүү жоон топ депутаттар чыгышты, ондогон укук коргоочулар, журналистер, мекенчил инсандар ачкачылык акциясында жатышты. Ш.Назаркулов ачкачылыкта курман болду. Аксылыктардын үнү бүт дүйнөгө угулду, бир гана Ак-үйдун 7-этажына жетпеди...



Үй-бүлөгө гана кызмат кылганды билген акаевдик чон-сөөрөйлөр, айрым депутаттардын кеңеши менен, бөрк ал десе баш алган аким, прокурорлор, милиция, УКМКнын кызматкерлери Аксылыктардын үнүн биротоло өчүрүү үчүн 2002-жылдын 17-мартында, Кербенди көздой тынч акцияда туруу үчүн бараткан элди Босбиектин тушунда автомат менен токтотуп ок чыгарган. Алты азамат окко учуп, ондогон эр азаматтар оор жаракат алышат. Аксы жергеси ыйга толду, эл кайгыда кан жутуп турду. Бирок, Аксылыктар сынган жок, кайра чыйралды. Андан соң саясий күрөштүн урааны "Акаев кетсинге" айланды.



Аксы окуясынын башынан аягына чейин бийликке сатылбаган, алданбаган, сынбаган жүздөгөн чыныгы баатырлар Аксы-Ош, Аксы-Бишкек жүрүштөрдү жасашты. Бийлик аларга каршы бүт күчүн жумшады. Аксылыктарды ооруу, наркоман, аларга жолобогула деп, тууганды тууганга, элди элге тукурду. Бүткүл Кыргызстан боюнча дүжүрлөрдү чогултуп аларга караларды кошуп, Аксылыктарга каршы тургузду, итке талатты, камады, камоодо калышып аргасыз көчөдө асфальт үстүндө намаз окушту, ,депортация кылды. Аксылыктар кыйналды ооруду, азап тартты, далай жолу ийилди, бирөк, сынганбады, чөгөлөбөдү, соодалашкан жок. Аксы жергесинен башталган саясий күрөштү, президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланта алды. Үй-бүлөлүк башкаруунун автору, ээси Акаев үй-бүлөсү менен 2005-жылдын 24-мартында өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду.



Урматтуу Аксылык туугандарым, Сиздер үй-бүлөлүк башкарууну сындыруунун заманбап жолун таап, башка элге үлгү болуп, тарыхтын, мамлекеттик саясаттын нугун чукул буруп тарых жараткан эл болдунар!
Мен, Аксы окуясында шейит болгон алты азаматтын ата-энелерине, жесирлерине, уул-кыздарына эч нерсе менен орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам!



17-март менин жүрөгүмдө да түбөлүк айыкпас дарт катары жан-дүйнөмдү кыйнап жашап келет. Аксы окуясындай кара күн кыргыз жеринде, элинде экинчи кайталанбасын. Жерибиздин бүтүндүгү бузулбай, элибиз ырыс-ынтымакта, бакубат турмушта жашасын!
Мурдагы бийлик ээлери мурдагы жолунан кайтып, Кудай аларга ыйман берсин."



2002-жылдын 17-мартында Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө жана абакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен бараткан Аксылыктарга ок атылган. Натыйжада 6 адам каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн