Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Азимбек Бекназаров суракка чакырылды

20.10.2022 14:18
371
Азимбек Бекназаров суракка чакырылды



Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн оппозиционер саясатчы Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары "чындыкка дал келбейт" деди.


Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.


Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн