Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Азимжан Аскаровдун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Өзбекстанда коюлат

27.07.2020 09:26
1505
Азимжан Аскаровдун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Өзбекстанда коюлат


Өмүр бою эркинен ажыратылган жана абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда коюлат. Бул тууралуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова журналисттерге билдирди.

Маркумдун денесин жашыруу чечими бүгүн, 27-июлда билинет. Азимжан Аскаровдун аялы Хадича күйөөсүнүн өтүнүчү боюнча анын сөөгү Өзбекстанда коюлушу керектигин айтты. 

Төлөкан Исмаилова билдиргендей, маркумдун кесиптештери Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып, сөөктү жашыруу иштерин уюштуруу маселесине жардам берүүсүн суранат.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров № 47 абакта көз жумган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн