Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азыр кредит берүүнүн шарттары, мөөнөтү жана артыкчылыгы иштелип жатат, - Асрандиев

15.05.2020 08:24
665
Азыр кредит берүүнүн шарттары, мөөнөтү жана артыкчылыгы иштелип жатат, - Асрандиев


Антикризистик чаралардын экинчи пакети бизнес-коомчулуктун, көз карандысыз эксперттердин пикирлерин, донорлордун жана парламенттин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кечээ, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Планда капиталды жана мүлктү легалдаштыруу, «Кепилдик фонду» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүү, салык жана социалдык чегерүү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү каралган.


Мындан тышкары, экспорт жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт. Экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Планда мамлекеттик жана муниципалдык мүлк боюнча ижараны төлөөдөн бошотуу каралган, чакан жана орто ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү пландалууда. Өз алдынча иштеген адамдарды майда каржылоо компоненти бар.


Вице-премьер баса көрсөткөндөй, кредит берүүнүн негизги багыттары катары жеңил өнөр жайы, туризм, чакан жана орто ишкердик субъекттери, майда каржылоо, санариптештирүү, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалар, фармацевтикалык өндүрүш, жүк ташуучу транспортту жаңылоо болуп саналат.


"Азыркы учурда жеңилдетилген кредит берүү программасы, шарттары, мөөнөтү жана артыкчылыктуу багыттары боюнча толукталып иштелип жатат", - деди Асрандиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн