Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Азирети Муфтий "матчество" боюнча пикирин билдирди

04.07.2023 19:05
347
Азирети Муфтий "матчество"  боюнча пикирин билдирди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев коомдо кызуу талкууга айланган "матчество" темасы боюнча пикирин билдирди.


Азирети Муфтийдин айтымында, шарият эрежелерине ылайык баланын теги атанын аты менен сүрүштүрүлөт.


"Шарият матчествого кандай карайт?


Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.


Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. 


Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. 


Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт.


Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт",- деп айтылат Муфтийдин билдирүүсүндө.


Замир кары Ракиев мындан тышкары балага атанын фамилиясын ыйгаруу эненин кадырын түшүрүү эмес экенин кошумчалаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн