Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Азырынча жалпы өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек, - Президент

06.07.2020 15:33
1248
Азырынча жалпы өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек, - Президент


Азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек, бирок жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, илдет менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчиликтин деңгээли зор мааниге ээ.


Биз кырдаалдын оор экенин ачык айтып жатабыз. Ар бир муунга ар кандай сыноолор туш келет экен. Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз Улуу Ата мекендик согуштун азабын тартып, башын канжыгага байлап, бизге тынч, ачык асманды камсыздап берди. Бүгүн биз ушул илдет менен күрөшүп жатабыз. Жеңиштин эрте-кечи ар бир жарандын өз милдетин так аткаруудан көз каранды. Ал милдеттер өтө жөнөкөй: адистер айткан эрежелерди жана тартипти сактоо, жакыныңа жардам берүү”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн