Кече 22-ноябрда борбор калаабызда «Баш мыйзам үчүн!» деп аталган жарандык активисттер уюштурган тынчтык жүрүшү болуп өттү. Темир жол бекетинин алдына чогулган катышуучулар Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасашты. Бул акцияга катышуу үчүн аянтка келгендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, экс-депутат Садык Шер-Нияз , «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова болду.
Митингдин башкы максаты – коомдук талкууга коюлган жаңы Конституциянын долбооруна каршылык көрсөтүү болду. Катышуучулардын пикиринде бул жаңы өзгөртүүлөр аркылуу өлкөбүздө хандык башкаруу орнотуу аракети жасалууда. Ошону менен катар эле бул Баш мыйзамды коомдук талкууга алып чыгуунун өзүндө эле бир катар мыйзам бузуулар болгонун да айтышты.
Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мындай деди: “Азыркы маалда иштеп жаткан Конституциянын 114-беренесине ылайык Баш мыйзамдын демилгечиси 300 миң киши болушу керек. Ал кол канакей? 80 депутат болуш керек эле, демилгечи экени айтылган ал депутаттардын бир бөлүгү баш тартып жатат. Мындан тышкары Венеция комиссиясы “бул парламенттин конституциялык реформа жүргүзүүгө укугу жок” деди. Биз эл аралык коомчулук менен эсептешебизби? Мындан тышкары азыркы президенттин милдетин аткаруучу да демилгечи боло албайт. Анда эмнеге конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду? Булар тез эле бийликке жетип, тез эле диктатор болгусу келип жатат. Караңгы үйдө жазылган Баш мыйзам кыргыз элине жарык тартуулай албайт. Бүгүн күн суук. Бирок бул жерге жүрөгүндө жалыны бар жаштар келди. Мен алар менен аягына чейин болом”.
Чын эле бүгүнкү бийлик конституциялык реформа жасоого эмнеге мынча ашыгып жатат деген суроо жаралат. Балким, мыйзамга ылайык адегенде парламенттик, андан соң президенттик шайлоолорду өткөрүп, бийликти толук кандуу легитимдештирип, андан кийин гана Конституциянын күңгөй-тескейин карай баштаса болбойт беле?
Бүгүнкү күндө бийликте тургандардын пикиринде «Парламенттик башкаруу өзүн-өзү актаган жок, бул жол биз үчүн эмес экен» деген маанай болууда. А бирок биз президенттик башкарууну деле башыбыздан өткөрбөдүк беле?
“Президенттик башкаруунун туура эмес экенин ушул жерде, борбордук аянтта 90 бала өлүмү менен далилдебеди беле? Биз аны унуттукпу? Азыр президенттик эмес, супер президенттик, хандык Конституцияны кабыл алабызбы? Ошол эле маалда “парламенттик башкаруу өзүнүн натыйжасын көрсөтө алган жок” деген туура эмес. Мындай сөздөрдүн келип чыгышына "чимкирик" аталган Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары себеп болду. Бирок аларды Атамбаевдин бийлиги басып отуруп ушундай абалга алып келди да. Биз чыныгы парламентаризмди көрө элекпиз. Анын жемишин тата элекпиз. Ага ушул кезге чейинки бийлик жол берген жок. Бирок элдин башын айлантып парламенттик системаны жамандап жатабыз”, - дейт митингге чыккан экс-депутат Садык Шер-Нияз.
Демек, өлкөбүздүн өнүкпөй, улам аркага кетип жатканына Конституцияны күнөөлөгөндүн такыр кереги жок. Бизде кандай Конституция жазылса дагы, ал толук кандуу иштебей келет. 2010-жылы биз парламенттик башкарууга ыктаганыбыз менен баары бир президенттик эле башкаруу үстөмдүк кылып келгенин жашыра албайбыз. Ошондой башкаруулардын натыйжасы бүгүнкү абалга кептеп турат.
Айтор, 22-ноябрдагы конституциялык реформага каршы митинг – бул бүгүнкү бийликке берилген алгачкы олуттуу сигнал. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө бийликтин камчысын чапкан колдонуучулар «Булар батыштан келген «гранттарды жегичтер» экен», «болгону 100-150 эле адам катышты» деген постторду, комментарийлерди жазып чыгышты. Мындай жол менен бийликти сактап калуу мүмкүн эмес экенине буга чейинки жакынкы тарых эле мисал боло алат. Жаңы Конституциянын долбооруна каршы уюштурулган митингге баш-аягы 500дүн тегерегинде адам катышты. Бул башталышы гана болушу мүмкүн. Эгер бийлик ага көңүл бурбаса, анда Ала-Тоо аянтына барып, үнүн угузууну каалагандардын саны 10-20 эселеп көбөйүшү мүмкүн. Элдин үнүн туура жеткизбей жатып, 5-6-октябрдагы окуя болуп өттү. Эми дагы ошол сыяктуу окуя кайталанып кетпешине ким кепилдик бере алат?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн