Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Азыркы бийлик жаңы барак ачты. Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаевдин бошотулушу тууралуу пикирин билдирди

15.02.2023 09:08
425
Азыркы бийлик жаңы барак ачты. Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаевдин бошотулушу тууралуу пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу тууралуу пикирин билдирди.

Байсалов социалдык тармактагы жазган билдирүүсүндө журналисттерден Атамбаевдин экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилесин кайрадан ачпоого чакырган.


"Атамбаев өзү Конституцияны да тебелеп Сооронбай Жээнбековду президент кылган. Ал муну бир нече жолу тастыктаган. Өзү бийликтен кеткен соң Жээнбековго каршы чыгып, аны кулатуу аракетине түшкөн. Ошол кезде бийлик колунда турган Жээнбековго башка чара калтырган эмес. Ошондуктан камалды.


Бүгүн бийлик Атамбаевди бошотуу менен тарыхтын жаңы барактарын ачты. Биримдикте жана биргеликте өнүгүү жолун көрсөттү",- деди Байсалов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн