Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Азыркы кырдаалда эмне кылуу керектигин билебиз, - Мухаммедкалый Абылгазиев

19.03.2020 16:36
694
Азыркы кырдаалда эмне кылуу керектигин билебиз, - Мухаммедкалый Абылгазиев


Вирустун киришине даярдык көрүүгө биздин убактыбыз болду жана түзүлгөн кырдаалда эмне кылуу керектигин да билебиз. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.


Анын айтымында, вирустун кирүү мүмкүндүгү күндөн-күнгө өсүп турду жана кийинки иш аракеттерге даяр болушкан. "Ошол рейс менен келген 135 жүргүнчүнүн баары өзүнчө бөлүнүп, изоляцияга алынды», -деп кошумчалады ал.


Өкмөт башчы министрлер кабинетинин алдында турган милдеттерге токтолду. 


«Учурда бизде эки башкы милдет турат: вируска каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин азайтуу. Биз базарларда жана дүкөндөрдө өткөн жумада болгон баалардын негизсиз көтөрүлүшүнүн кайталанышына жол бербешибиз керек», - деди премьер-министр.  


411 млн сомго 20 миң тонна ун сатып алуу тууралуу сунушу парламенттин кароосуна киргизилди. Мындан тышкары республикалык бюджеттен бөлүнгөн 400 млн сом жана «Айыл банк» жана «РСК банк» ААКлардан бирдей үлүштө бөлүнгөн 400 млн сом азык-түлүк менен камсыздоо жаатында ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө багытталат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн