Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Азыркы кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда, - Президент

15.06.2020 16:51
917
Азыркы кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда, - Президент


Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле, деп билдирди мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушууда.

Президент илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи.

Мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин кошумчалады.

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам», - деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн