Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сооронбай Жээнбеков: Бишкек коронавирустун очогуна айланып барат

15.06.2020 16:39
1396
Сооронбай Жээнбеков: Бишкек коронавирустун очогуна айланып барат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү чаралары талкууланды.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат.

Анын маалыматы боюнча, бул өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы — бүгүнкү күндө экономиканын 90%дан ашык тармактары толугу менен иштерин баштагандыгы менен негизделүүдө. Ошондой эле ал жарандардын санитардык-гигиеналык ченемдери менен беткап режимин толук кандуу сактабай келе жатканын баса белгиледи.

Кубатбек Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи.

«Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз», - деп белгиледи мамлекет башчысы жана өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн