Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Азыркы кыргыз тойлорундагы терс адаттар

03.03.2021 15:37
1468
Азыркы кыргыз тойлорундагы терс адаттар


Азыркы кыргыз тойлорундагы терс адаттар:


- байлыгына манчыркап, мактануу үчүн той берүү;

 - атаандашып тойберүү;

- намыстанып той берүү;

- кредит алып той берүү;

- ысырап кылып той берүү;

- элге бергенин чогултуп алайын деп той берүү;

- үй тоюн кафе-ресторандарда берүү;

- тойдо карды тойсо да, көзү тойбой жеп-ичүү;

-жегенинен калганын көтөрүп кетүү;

-улуулардын жаштарга устукан бербей калуусу;

-эркек адамдын (жигиттердин, мырзалардын, карыялардын, кызмат адамдарынын) кафе-ресторандардан баштык көтөрүп чыгышы;

-акчага жалдап ырчы чакыруу, ырчылардын “ставка” коюп келиши, “жансыз үнү менен элди алдап акча алуусу; 

-тойго келгендердин бири-бирин кайталап саӊызсыз жарыша сөз сүйлөөсү;

-сүйлөгөнү, ырдаганы үчүн той ээсинен белек үмүт кылуу;

-байгелерге сапатсыз баш кийимдерди курулай белек кылуу;

-кайнене-күйөө бала, кайната-келиндердин кыйшаӊдап бийлеп турушу;

-тойлордун нарксыз “шоуга” айланышы;

- тойдо уятсыз, маанисиз, нарксыз оюндардын ойнолушу; 

-устуканга таарынып кетүү;

-тойдун аягында тамаданын нарксыз бата бериши, ж.б.


 Cулайман Рысбаев, балдар жазуучусу 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн