Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азыркы жагдай жалпы ЕврАзЭБ үчүн чоң сыноо болуп турат, - Сооронбай Жээнбеков

14.04.2020 16:07
817
Азыркы жагдай жалпы ЕврАзЭБ үчүн чоң сыноо болуп турат, - Сооронбай Жээнбеков


Ушу кезде социалдык, соода-экономикалык жана миграция чөйрөлөрүндө кыйынчылыктарга дуушар болуудабыз, деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин  (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынында.

Анын айтымында, бшка өлкөлөрдө чек араларды жабуу боюнча көрүлгөн чаралар тышкы соодага, демек бюджеттин кирешесине таасирин тийгизди. 2020-жылдын биринчи кварталында үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмү 39% азайган.

Биз мындай терс тенденция мындан ары да улана тургандыгын түшүнүп турабыз. Былтыркы жылга салыштырмалуу, өлкөнүн бюджетине келип түшүүчү бажы төлөмдөрү дээрлик 40% төмөндөдү. Тилекке каршы, чакан жана орто бизнестин активдүүлүгүнүн төмөндөшү өлкө бюджетине келип түшүүчү төлөмдөрдүн дагы азайышына алып келет. Натыйжада, биздин божомол боюнча, ушул жылдын аягына карата мамлекеттин бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмү 25%дын тегерегинде кыскарышы күтүлүүдө», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ЕврАзЭБдин келишим-укуктук базасы пандемиянын мүчө мамлекеттердин экономикасына, ошондой эле жарандардын ден соолугу менен жашоо-турмушуна тийгизген кесепеттерин болушунча төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

«Чектөө чаралары биздин Биримдиктин ичиндеги „экономикалык обочолонууга“ айланбашы керек. ЕврАзЭБдин бирдиктүү рыногу тоскоолдуктарсыз, чектөөлөрсүз жана алып коюуларсыз иштөөгө тийиш. Товарларды экспорттоого же импорттоого чектөөлөрдү киргизүү — үчүнчү өлкөлөргө карата гана жөндүү болот. Биздин Биримдик алкагындагы элдерибизди негизги азык-түлүк товарлары менен камсыздоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. ЕАЭБ ичинде социалдык маанидеги товарларды өз ара соодалоого чектөөлөр киргизилбеши керек», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасынын президенттерине миграциялык колдоосу жана Кыргызстандын жарандарынын мекенине кайтып келүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн, ошондой эле Россия Федерациясына медициналык тест-системаларды берип, Евразия Фондунун алкагында ата мекендик саламаттыкты сактоо системасына каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө чечими үчүн үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Азыркы жагдай жалпы Биримдик үчүн чоң сыноо болуп турат. Пандемияны жеңип чыгуу үчүн өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракетинин негизинде жалпы чаралар көрүлөт деп ишенем», - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн