Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:15
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Азыркыдай тартипти 1 ай кармоого күнүмдүк оокат таап жегендер чыдабайт, - Текебаев (видео)

13.04.2020 17:38
3204
Азыркыдай тартипти 1 ай кармоого күнүмдүк оокат таап жегендер чыдабайт, - Текебаев (видео)


Азыркыдай тартипти 1 ай кармоого күнүмдүк оокат таап жегендер чыдабайт. Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Жалбырак” ютуб-каналына берген маегинде билдирди. Ошондой эле ал коронавирустун жайылуусу жогорку чекке жете электигин айткан. 


“Кыргызстанда пандемия ашуусуна жете элек. Ага дагы бир айдай убакыт бар деп айтып жатышат. Эч ким муну так билбейт. Бирок, өзгөчө кырдаалды бүгүнкүдөй режим менен бир ай кармай турган болсо, айрыкча шаарларда күнүмдүк оокат таап жегендер чыдашпайт”, - дейт ал.


Ошондой эле Текебаев экономиканы биротоло өлтүрүп албоо үчүн Жогорку Кеңеш бул маселени караганда өкмөткө конкреттүү тапшырмаларды бериши керектигин айтат. “Адамдардын өмүрүнө коркунуч келбеген ишканаларды акырындап жандандыруу керек. Ал жайларга каттаган жарандардын ишке келип-кетүү тартибин так аныктоо зарыл. Айыл жерлеринде жазгы талаа жумуштары ийгиликтүү аяктоого шарт түзүлүп берилсин”, - дейт Текебаев.


Өмүрбек Чиркешович чет өлкөлөрдөгү мигранттарго ошол мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшүп кам көрүүнү, Кыргызстанга кайтуу үчүн учакка билет алып алгандарды алып келүү керектигин билдирген. Мындан сырткары “Ата Мекендин” лидери өкмөттүн чабал болуп жатканын, ошол эле учурда каржы да жетишпей жатканын кошумчалаган.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бакыт
Туура, колдойлу, жакшы пикир..,.
Лариса
Туура айтасыз чынында эле эл копко чыдабайт мындай акчасы жок болуп ачарчылыка кабылганды