Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 10:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Азис Абакиров: “Кыргызстан IT экспорту боюнча алдыга чыкты”

30.08.2021 14:21
11748
Азис Абакиров: “Кыргызстан IT экспорту боюнча алдыга чыкты”


Кыргызстандагы жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакировду коңшу мамлекет Казакстан “IT тармагын өнүктүрүүгө жардам бер” деп чакырышкан. Учурда Абакиров “Астана Хабда” кеңешчи катары эмгектенип жатканын билдирди. 


- Азис мырза, Astana Hubга кандайча чакырып калышты, ал жакта IT тармагынын өнүгүүсү кандай экен?


- “Астана Хабдагы” кесиптештерден IT экспортун өнүктүрүү боюнча сунуш келди. Чакыруудан баш тартпай, кыска убакытка консультант катары келдим. Бул жакта көбүнчө экосистеманы өнүктүрүү боюнча сөз болуп жатат. Алар “силер Бишкекте кылган ишиңерди эле бул жакта жасап бергиле” деп суранышты. Чынында эле бул жакта IT экспортун көтөрүш керек экен. Казакстандын максаты – 2025-жылга 100 миң программист даярдап чыгуу. “Майкрасофт” компаниясы жакынкы жылдары эле Америкада бир миллион IT адистери жетишпей каларын билдиришти. Японияда жүз миңдеген программисттер жетишсиз. Буга жарандардын картаюусу жана башка ушуга окшогон көрүнүштөр себеп болууда. Башкача айтканда, биз бир эле Казакстан, Кыргызстан эмес, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандан, тактап айтканда, Борбор Азияда жашаган 200 миллионго чукул адамдын ичинен генийлерди чыгарууну көздөп жатабыз. Баардыгыбыз чогулуп, ушулардын арасынан кантип эле Илон Маск же Марк Цукербергди чыгара албайбыз? Алдыбызда мына ушундай чоң, глобалдуу максаттар турат. Бул бүтүндөй Борбор Азияны өнүгүүгө алып келет деп ойлойм. 


- Кыргызстан IT тармагы боюнча бир топ эле алдыга кеткенин айтып жатпайсызбы, биздин чакан рынокту эске алганда, кантип ушундай жетишкендиктерге ээ болдук? 


- Эгерде IT рынокту айта турган болсок, Казакстандын ички рыногуна эле түрдүү программалар керек, ал жакта рынок чоң. Тилекке каршы, биздин рынок кичинекей. Ошондуктан, биз экспортко чыгууга мажбур болгонбуз. Балким, бизде башка мүмкүнчүлүк болбогону жакшы болгондур, анткени чет өлкөгө чыгууну издеп, өздөштүрүп кеттик. Анткен менен бул Борбор Азияда абдан актуалдуу экени көрүнүп калды. Мен ушул багытта бизге суроо-талаптын жогору болуп жатканына абдан кубанычтамын. Бул бир эле менин эмес, биздин команданын, кесиптештеримдин жетишкендиги. Азыр баардык жакта, анын ичинде Орто Азияда дагы экспортту өнүктүрүү биринчи орунга чыгып жатат. Биз улут катары глобалдык рынокто эмнени сата алабыз? Глобалдык рынокко эмнени сунуштай алабыз? Мына ушул чоң суроолорго жооп таптык. Бул – IT. Биз буга узак убакыттан бери келе жатканбыз. Акыры анын жолун таап, реалдуу тастыктай алдык. 


Булак: 

"Азия Ньюс" гезити

Теги

IT

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн