Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Азия Микс” КВН командасында катышканы менен таанылган активист Марат Жуманалиев каза болду

14.03.2024 17:32
244
“Азия Микс” КВН командасында катышканы менен таанылган активист Марат Жуманалиев каза болду


Жарандык активист Марат Жуманалиев каза болду. Бул тууралуу анын досу Абдурахман Муртазалиев 14-мартта социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.


Анын айтымында, Марат кырсыктын кесепетинен үйүндө каза болгон.


Марат Жуманалиев атактуу мушкерлерге көп учурда спарринг-өнөктөш болуп жүргөн спортчу. 2010-жылдары КВНдеги оюну менен таанылып, «Азия Микс» командасынын мүчөсү болгон. Акыркы жылдары кайрымдуулук иштери менен алектенип келген.


Ал 13-мартта социалдык тармактарга ифтар жарандардын эсебинен өтүп жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн жарыялаган.


Ал 43 жашта болчу.


Аны менен коштошуу 15-мартта Бишкектин борбордук мечитинде жума намаздан кийин болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн