Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

«Азия Молл» соода борборуна жардыруучу зат коюлган деген маалымат боюнча УКМК түшүндүрмө берди

21.01.2022 15:54
916
«Азия Молл» соода борборуна жардыруучу зат коюлган деген маалымат боюнча УКМК түшүндүрмө берди

 «Азия Молл» соода борборунун имаратына жардыруучу зат коюлган делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


КР УКМК 2022-жылдын 20-январында Бишкек шаарындагы “Азия Молл” соода борборунун имаратына жардыруучу зат коюлган делген маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында төмөнкүлөрдү билдирет:


Жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин КР УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана Соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган.


КР ИИМнин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.


Ошол эле учурда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюлдук номурдун ээси Кыргыз Республикасынын жараны «Т.И.» аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн