Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Азия Ньюс” гезити Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп бериш керек

17.06.2020 16:52
1162
“Азия Ньюс” гезити Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп бериш керек


Бишкек шаардык соту “Азия Ньюс” гезитин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун абийрине шек келтиргени үчүн 50 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Адиль Турдукуловго көрсөтмө берип жазып чыкты.


Билдирүүгө караганда, Жеңиш Разаков гезиттен 10 миллон сом талап кылган. Октябрь райондук соту өтүнүчтү жарым-жартылай кабыл кылып, басылма 1 миллон сом гана төлөп берет деген чечим чыгарган.


“Ал эми шаардык сот 50 миң сомго чейин азайтып койду. Ошол эле учурда биринчи инстанциядагы чечим жарым-жартылай күчүндө калтырды”, -  деген Турдукулов.


Ал эми талашка “Азия Ньюс” гезитинин Жеңиш Разаков Тажикстандын күч түзүмдөрүнө тийешеси бар экенин жарыялаганы себеп болгон. Жеңиш Разаков мындай айыптоону төгүндөп, маалыматты четке каккан.


Белгилей кетсек, УКМК мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков "Тажикстандын тыңчысы" делген маалыматты иликтеп, анын коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү менен байланышы бар экени аныкталбаганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн